Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Еврошаркет Орусияга санкцияларды узартты, Усмановдун карындашы тизмеден чыгарылды


Еврошаркет жума күнү орусиялык 2400дөн ашуун киши жана компанияга cалынган санкцияларды узартуу чечимин кабыл алды.

Буга чейин каршылыгын билдирип келген Венгрия тизмеден 4 киши чыгарылгандан кийин жазалоочу чараларды дагы жарым жылга узартууга макул болду. "Рейтер" агенттиги дипломаттарга шилтеме менен маалымдагандай, кеп бизнесмендер Владимир Рашевский, Вячеслава Кантор, спорт министри Михаил Дегтярёв жана олигарх Алишер Усмановдун карындашы тууралуу жүрүүдө. Башкача айтканда алардын активдери камактан бошотулат, виза берүүгө тыюу алынмакчы.

Буга чейин агенттик алардан тышкары каза болгон 3 киши тизмеден алынганын билдирген. "Рейтер" бизнесмен Михаил Фридмандын "кара тизмеде" калганына көңүл бурат. Bloomberg Будапешт аны жана Усмановду санкциялар тизмесинен чыгаруунун талап кылганын жазган.

Спорт министри Дегтярёв өзүн ДНР деп атаган Украинанын жикчил аймагын колдогону үчүн 2014-жылы санкцияларга кабылган. Учурда 20дан ашуун өлкө аны согушту колдогону үчүн “кара тизмеге” киргизген.

Медианын маалыматына караганда, Усмановдун карындашы Гүлбахор Исмаиловага агасынын чет жактардагы айрым активдери, асыресе 600 миллион доллардык “Дилбар” яхтасы катталган.


Шерине

XS
SM
MD
LG