Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Трамп Путин менен сүйлөшүүлөр «жемиштүү» болгонун айтты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп 13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен «жакшы жана жемиштүү» сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты. Америкалык лидер TruthSocial социалдык тармагына “кан төгүү токтойт деген жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду” деп жазды.

«Ушул учурда миңдеген украиналык аскер орус армиясынын курчоосунда, өтө кооптуу шартта калды. Мен президент Путинден аларга ырайым кылууну, өмүрлөрүн сактоону өтүндүм”, - деп кошумчалады Трамп.

Бирок президенттердин жеке сүйлөшүүсү же Путиндин АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен кездешүүсү тууралуу кеп болуудабы жогорудагы посттон түшүнүксүз.

Кремль мамлекет башчылардын жеке сүйлөшүүсү тууралуу азырынча кабарлаган эмес.

Путин бейшембинин кечинде Уиткофф менен жолукканын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.

Анын айтымында, орус тарапка кошумча маалымат берилип, Путин чабарман аркылуу АКШ президенти Дональд Трампка маалымат жана кошумча ишараттарды жөнөттү. Анын бул сөздөрүн РБК агенттиги келтирди.

Уиткофф АКШнын Украинада ок атууну убактылуу токтотуу сунушу менен тааныштырмак. Мунун алдында Киев 30 күндүк убактылуу жарашууга көнгөн.

13-мартта Путин түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирип, бир катар шарттарды койгон. Ал АКШнын жана Киевдин демилгесине бир топ суроолору бар экенин белгилеген.

Путин муну америкалык өнөктөштөрү менен талкууларын, "Трамп менен телефондон сүйлөшө турганын" кошумчалаган.

12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса Вашингтон "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барууга мажбур болорун эскерткен.


Шерине

XS
SM
MD
LG