Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Орусияда "Ватандош" биримдигинин жетекчиси  Баратовго дагы бир иш козголду


Усман Баратов сотто. 7-май 2024-жыл.
Усман Баратов сотто. 7-май 2024-жыл.

Орусияда өзбекстандыктардын "Ватандош" биримдигинин жетекчиси, абакта отурган Усман Баратовдун үстүнөн дагы бир иш козголду. Эми аны колониянын иш тартибин бузганы үчүн айыпташууда. Бул тууралуу ал өзү Sota.Vision каналы чыгарган катта айтып берди.

Маалыматка ылайык, Валдай шаарындагы түзөтүү колониясынын отрядынын жетекчиси Баратовду айып изоляторунун тамак алган терезесинен Жаза аткаруу кызматынын кызматкерине видеорегистраторду ыргыткан деп күнөөлөгөн. Баратов муну калп деп атап жатат.

"Мен Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган мунапыс менен чыгам деп үмүттөнгөм, бирок өзгөчө иштер боюнча тергөөчү келип кеткенден кийин үмүт калган жок. Ал мага каршы дагы бир кылмыш иш козголуп жатат деген токтомду тапшырды", - деп жазды ал 11-марттагы катында.

Баратов колонияга жеткирилгенден кийин карантинге алынганын, 42 күнгө айып изоляторунда кармашканын, 3-мартта камера түрүндөгү жайга отургузушканын айтып берди. Анын айтымында, айып изоляторуна колониянын ичинен басып баратканда колун артына кармабаганы үчүн камалган.

Баратов былтыр августта Интернеттеги тамаша посту үчүн төрт жылга эркинен ажыратылган. Москва облусунун Ступино шаардык соту 12-августта чыгарган өкүмүнө ылайык, ал "жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан" деп табылып, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги колонияда өтөмөк.

Баратов өзү соттун өкүмүн "сот адилеттигинин жана орусиялык Фемиданын мазакталышы" деп атаган.

Кылмыш иши былтыр январь айында согушту колдогон "кабарчылар" жана активисттер Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге ал тууралуу "жеткирип барышкандан" кийин ачылган. Алар Украинада согушуп жаткан орусиялык аскерлердин аялдары мазакталганын айтышкан.

Тергөөдө Баратов "Одноклассники" социалдык түйүнүнө жумуртка кымбаттаганы тууралуу жаңылыкты бөлүшүп, "Короздорду фронттон кайтаргыла!" деген комментарий жазганы Украинада согушуп жаткан орусиялык аскерлердин аялдарынын "ар-намысына шек келтирүү" деп бааланган. Мындай айыпты Баратов четке кагып, сатиралык сүрөттүн согушта жүргөн аскерлерге эч тиешеси жоктугун айткан.

2024-жылдын 27-февралында Баратов Росфинмониторингдин "экстремисттер жана террористтер" тизмесине киргизилген. Январда кармалгандан бери тергөө абагында отурган.

Баратовдун иши тергеле баштаганда Мамлекеттик Думанын вице-спикери Пётр Толстой Орусиядагы улуттук бирикмелерди жана диаспораларды уюшма кылмыштуу топторго теңөөнү, "мындай бирикмелердин ишин токтотууну" талап кылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG