Орус аскерлери алдыңкы күнү Украинанын майданга жакын жерлерин аткылаганын 14-мартта облус администрациялары билдирди.
Херсондун жетекчиси Александр Прокудиндин айтымында, 30 айыл-кыштак соккуларга кабылды. Натыйжада бир киши каза тапты, тогузу, арасында бир бала жараат алды, эки көп кабаттуу турак үй, жети жер там, чарбалык жай, машина зыян тартты.
Донецк облусунда бир киши набыт болгонун губернатор Вадим Филашкин жазды. Ал ошондой эле Покровск, Малиновка, Константиновкада 11 киши жабыркаганын, бир нече турак жай талкаланганын маалымдады.
Ал эми Харьковдо аткылоодон жети киши жарадар болгонун, 65 жаштагы кишинин абалы оор экенин облус губернатору Олег Синегубов билдирди. Ага чейин ал жумага караган түнү Золочев кыштагындагы оорукана бутага алынганын жазган.
Анын маалыматына караганда, пилотсуз учактын соккусунан чатырды өрт чалып, көп өтпөй эки дрон учуп келди. Тез жардам бригадасынын кызматкери, 33 жаштагы аял жабыркады. Кийинчерээк Синегубов ооруканада ошол учурда беш бейтап жана беш кызматкер болгонун, алар жараат албаганын кошумчалады.
Далилдерге карабай, Орусия согуштун башынан эле кошуна өлкөсүнүн карапайым тургундарын жана жарандык жайларды бутага алганын танууда.
Бул чабуулдар АКШ урушту жөнгө салуу аракеттерин күчөтүп, Киев ок атууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болгон учурда болуп отурат.
Шерине