Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

УКМК WhatsApp түйүнүндөгү тайпалардын администраторун кармады


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) WhatsApp мессенжериндеги бир нече тайпалардын администратору (К.М.М.) кармалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылууда.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал WhatsApp түйүнүндө “Элге акыйкат керек”, “Айта берем кайта берем”, “Кыргыз коому”, “Саясат, талкуу ой пикир”, “Кыргызстан аңга баратат”, “Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!” деген тайпалардын администратору болгон.

УКМК ага “бул топтордо өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жолу менен массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаган” деген айып койду.

Андан тышкары 2024-жылы Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү пакистандык, индиялык студенттерге каршы нааразылык акцияда баш аламандыктарды уюштурууга тиешеси бар экенин билдирди. Шектүү соттун чечими менен камакка алынды. Жогоруда сөз болгон WhatsApp топтордун башка администраторлорунун жана активдүү катышуучуларынын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар улантылып жатканы кабарланды.

Шектүүнүн жакындары менен адвокаттары азырынча комментарий бере элек. “Азаттык” алардын да пикирин берүүгө даяр.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдарга иш козголуп соттолгон же камалып чыккан окуялар болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG