Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Министрлер кабинети 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча токтомду бекитти


Кыргызстандагы мектептердин биринде. Бишкек. (архив)
Кыргызстандагы мектептердин биринде. Бишкек. (архив)

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча токтомго кол койду.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, бул эл аралык билим берүүгө интеграцияланган жана таанылган улуттук жалпы билим берүү системасын куруу, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү, ошол эле учурда улуттун социалдык-маданий мурасын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыздоочу сапаттуу билим берүү максатында ишке ашырылууда.

Токтомдун тиркемесинде 12 жылдык билим берүү системасы, анын максат-милдети, күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилген. Ошондой эле мектептердеги билим берүү жараянынын уюштурулушу, баалоо системасы жөнүндө да айтылган. Ага ылайык, 1-6-класстар - башталгыч жалпы, 7-9-класстар - негизги жалпы, ал эми 10-12-класстар - орто жалпы деп бөлүнөт.

Базистик окуу планы башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү боюнча сабактардын тизмегин жана балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окуу жүгүнүн көлөмүн белгилейт, бүт педагогикалык процессти уюштурууга жана жүргүзүүгө карата талаптарды ишке ашырат.

Беш күндүк окуу жумасында 1-класстан 12-класска чейинки балдарга жумасына 21 саттан 34 саатка чейинки окуу жүктөмү чегерилет. Сабактар филологиялык, социалдык, математикалык, табигый-илимий, искусство жана технологиялар жана ден соолук маданияты боюнча окуу предметтеринен турат.

Баланын жеке жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн класста баалоонун үч: диагностикалык, калыптандыруучу жана суммативдик түрү колдонулат.

1–3-класстарда баа коюлбаган система иштейт. Жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сапатты сыпаттоочу баалоого гана жол берилет.

4–6-класстарда баллдык система киргизилет. Башталгыч жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө тестирлөө жүргүзүлөт. Ал тил, окуу, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулуктун негизги түрлөрү боюнча баланын жеке жетишкендиктерин баалоого мүмкүнчүлүк берет.

7–12-класстарда класс ичиндеги баалоо критериалдык, билим берүүнүн натыйжаларына карата прогрессти аныктоого, окутуунун ички мотивациясына дем берүүгө, өзүн өзү баалоо, талдоо жана өз ара баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.

9-классты аяктагандан кийин мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлөт.

12-классты аяктагандан кийин жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт. Окутуунун жана бүтүрүү экзамендеринин жыйынтыктоочу баллдары кесиптик окуу жайларына тапшырууда профилдик предметтер боюнча суммалык балл түрүндө эсепке алынат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.

12 жылдык окуу быйыл ишке ашып, 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштайт. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтөт.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG