Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү, милициянын майору (А.К.М.) пара алууга шек саналып кармалганын кабарлады.
Мекеме ал кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкеринен пара талап кылган деп айыпталып жатканын билдирди.
Атайын кызмат Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 5-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте 5 миң доллар алып жаткан учурда кармалганын кошумчалады.
Маалыматка ылайык, тергөөдө ал пара талап кылган иште адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экени аныкталган. Шектүүнүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. “Азаттык” алардын да пикирин берүүгө даяр.
УКМК коррупционерлер жазадан кача албай турганын, эми айып пул менен кутулуп, бир аз убакыттан кийин кызматка кайтууга мүмкүнчүлүк жок экенин эскертти.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)
Шерине