Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу Ленинград облусунда эмгектенип, бирок эмгек акысын ала албай калган кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, 8 млн рубль маянасын алып берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы 7-мартта кабарлады.
Маалыматка ылайык, консулдук кызматкерлер Ленинград облусунун Кингисепп районуна барган учурда курулуш объектисинде иштеген 150 кыргызстандык мигрант эки айдан бери айлык ала албай жатканын айтып даттанышкан. Консулдуктун кийлигишүүсүнөн кийин иш берүүчүлөр менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында кыргызстандык мигранттарга 8 млн рублге жакын акча төлөнүп берилди.
ТИМ жана чет өлкөлөрдөгү мекемелер сыртта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантууда.
Министрликтин кийлигишүүсү менен былтыр күзүндө Кыргызстандын жаранынын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилип, жыйынтыгында 2 млн 667 миң сомго жакын айлык акысы өндүрүлүп берилген.
ТИМдин 2025-жылдын 1-февралына карата берген маалыматына ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.(ZKo)
Шерине