Орой сөз – осол жосундан
Коомдогу, мамлекеттеги зээнди кейиткен көрүнүштөргө ким кандай реакция жасайт? Каратып туруп калп айткан жосунду саясий ийкемдүүлүк деп, балит сөгүнгөн же кара күч менен "маселе чечкен" жорукту баатырдык деп, элдин ырыскысын уурдап, каракчылык менен байыгандарды айга-күнгө теңеп мактагандар көп.
Акылдуу, илимдүү, таланттуу адамдарды эмес, кара күчү, мыкаачылыгы, ач көздүгү менен таанылган немелерди жактагандар көп. Дал ошондуктан илимде ачылыш жасаган окумуштуу, ажайып чыгармаларды жараткан акын же жазуучу, мыкты мугалим эмес, паракорлор менен зөөкүрлөрдү сыйлап калган абалга жеттик.
Ушундай жагдайда арак ичкендер, баңгизат сайынгандар менен катар оозу бузуктар – шалпып сөгүнгөндөр да көбөйүп жатканы таң калычтуу эмес.
Эӊ маданияттуу дегидей өнөр адамдары деле кантип сөгүнчөөк болуп кеткенин кээде өздөрү да байкабай калат окшойт. Аларды ошончого жеткирген эмне – чыгармачыл ойлорун кыстаган турмуш жеӊгениби же бардык жагынан колдоп, шарт түзөбүз деп убаданы ченебей берип коюп, улам кийинкиге жылдыра берген “чоӊдордун” адатыбы?
Бир нерсеге катуу нааразы болуп, каны кайнаганда, абдан сыпайы, интеллигент кишилер деле чыдабай кеткен учурлар болот. Бизге лингвистикадан мүнөзү жибектей жумшак, боорукер аксакал сабак берчү. Ошол агайыбыздын ашата сөгүнгөнүн башка тайпадагы балдар айтканда, баарыбыз таң калганбыз. Көрсө, декандын чоёктогон катчысы сабак учурунда дарсканага үч-төрт ирет баш багып, "силер ушул жакта болушуӊар керек беле?" деген бир эле суроону улам кайталап, карыянын жинин келтирген экен.
Чыӊгыз хандын эӊ башкы жеӊиши
Сөгүнгүсү же мушташкысы келгенде кайнап чыккан кыжырды басуунун психологиялык ыкмалары бар. Молдолор келме келтирет. Практик психологдордун да илимге негизделген усулдары бар. Мисалы, шашпай, терең дем алгыла дейт айрым адистер.
Чыңгыз хан ачууга алдырып, бир тууган агасын өлтүрүп салган, дагы башка көптөгөн оор каталарды кетирген деген сөз бар. Дүйнөгө атагы дүӊгүрөгөн адамга бул өксүгүн кантип жеӊүүнү аялы атасынан көргөнүн айтып үйрөткөн экен. Каары кайнап, колуна тийген буюмду бүлдүрчүдөй, алдынан чыккан кишини өлтүрчүдөй абалга жеткенде, манжасынын баарын бир-бирден ачып, кайра бир-бирден бекем жумуп чыкса, ошончо убакыт аралыгында ачуу кыйла басаңдап, акыл сергий түшөт окшойт.
Илгерки аталар менен энелердин да баа жеткис өрнөктөрү болгон, биз анча-мынчасын эле алып калдык. Эмоционалдык парасатты (интеллектти) өнүктүрүү зарылдыгы болуп көрбөгөндөй курчуган азыркы күндө ушул таалимди мектептен баштап балдарга бериш керек.
Билим жетиштүү болбосо, канчалык терең дем алып, кара терге чөмүлө дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарсаң деле айлантып-тегеретип кайрадан туюкка кептей турган наадандыктын чидерин үзүп, туура чечимге келиш мүмкүн эмес. Ошондуктан билбегенди билем деп көшөрбөй, адистин кебин укканга дайым даяр болуш керек. Бул айрыкча кызмат даражасы жогору адамдарга тиешелүү. “Оозу жаман эл бузат, өтүгү жаман төр булгайт” дегенди да унутпайлы.
Сын көтөрө албаган адам элдик ишти аркалай албайт
Баарын билген, жетик, терең өздөштүргөн адам болбойт. Атүгүл өз адистиги боюнча да кайсы бир жоболорду, зарыл эрежелерди эстей албай же унутуп койгон учурлар кездешет. Бирок өсөм деген азамат дайым билимин өркүндөтө жүрөт. Түшүнбөгөнүн тартынбай сурайт, катасын көрсөткөндөргө алкыш айтат.
Кишини кийимине эмес, билимине, акчасына эмес, акылына карай баалап, керек болсо расмий наам-даражасы, кызмат орду бийик экенине эмес, биринчи кезекте реалдуу билгилигине (компетенттүүлүгүнө) жараша сөзүн уга билүү зарыл.
Эң башкысы, ишке калыс баа берген чынчыл адис менен жокту бар, чаланы толук, бузукту түзүк деп жууп-чайыган кошоматчыдан айырмалаш керек. Болсо-болбосо каралап, бар нерсени жокко чыгарууну гана көздөгөн карөзгөй немелер менен чындыкты айтуудан жалтанбаган сынчылардын айырмасын билиш да оңой эмес.
Жаман айтпай, жакшы жок
Мухаммед пайгамбардын жакшы сөздөрдү гана сүйлөгүлө, болбосо унчукпагыла деген маанидеги хадисин көп айтышат. Жок жерден чыр чыгаруу, бирөөнү капа кылуу, жөнү жок асылуу, каралоо, ушак айтуу жарабайт, албетте.
Бирок бул оркойгон кемчиликтерди, опурталдуу жагдайды, теңирден тескери кеткен иштерди көрмөксөн, билмексен болуп коё бериш керек дегенди билдирбейт. "Жаман айтпай, жакшы жок" деп байыркы кыргыз бул жагын да эскертип койгон.
Тилекке каршы, анча-мынча аброй топтоп, таанылып калгандардын көпчүлүгү кемчилигин жеке өзүнө айтсаӊ да жаман көрөт. Жарыя айтсаӊ, балээге каласыӊ. “Мага сын таккыдай сен кимсиӊ?!” деп чартылдайт. Жылдыз оорусуна чалдыккан пенде сөздүн жүйөсүнө көӊүл бура албай калат экен.
Бирок жарыяланган, андан ары ар ким бөлүшүп, жайылтып жаткан сөздүн катасын жарыя оӊдогон оӊ. Анткени бул ошол кишинин өзү гана окуган күндөлүгүндөгү же жекече каттарындагы эмес, жалпы элге, коомчулукка ачык чыгарган ой-пикири. Айрыкча таанымал кишини ээрчип, айтканына ишенгендер көп экенин эске алганда, көпчүлүктү адаштырбоо үчүн маалыматты тактап же, эгер бүт бойдон туура эмес болсо, жалпыга жарыя айтып төгүндөө зарыл.
Жолдош Турдубаев, адабиятчы