Кыргызстан Газа тилкесинен палестиндерди башка жактарга күчтөп көчүрүү боюнча сунуштарга тынчсызданууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 24-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевада өткөн жогорку деңгээлдеги 58-жыйынында билдирди.
"Биз палестин элин күчтөп көчүрүү боюнча кандай гана болбосун сунуштар боюнча өзгөчө тынчсызданып жатабыз. Тактай кетсек, мындай сунуштар этникалык тазалоого эле барабар. Кыргызстан карапайым тургундарды алардын жеринен күчтөп чыгаруу аракеттерине чечкиндүү түрдө каршылыгын билдирет. Анткени бул эл аралык укукту олуттуу бузуу болуп саналат", - деди Байсалов.
Ал Кыргызстан Газа тилкесиндеги соңку жагдайга тынчсызданарын жана палестин элинин эл аралык укук тааныган мамлекетин курушун колдорун кошумчалады.
Эдил Байсалов эл аралык коомчулукту адилеттүүлүктү орнотууга басым жасап, жапырт жазалоону алдын алып, аймактын тургундарынын укуктарына кепилдик берген тынчтык келишимин түзүүгө чакырды.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 5-февралда араб мамлекеттерине кайрылып, Газанын тургундарын кабыл алууга чакырып, палестиндердин аймакты таштап кетүүдөн башка аргасы жок экенин айткан. Ал андан соң АКШ анклавды калыбына келтирип, экономикасын өнүктүрө турганын билдирген.
Буга чейин Израил жана Газа тилкеси менен кошуна араб өлкөлөр палестин качкындарын кабыл алууга ниети жоктугун бир нече жолу айтышкан.
21-февралда араб мамлекеттери Трамптын сунуштарын талкуулап, Газанын келечеги боюнча өз демилгелерин ортого салуу максатында Эр-Риядда атайын саммитке чогулушкан.
Шерине