Аскер прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунда аскер кызматкерлерин коррупцияга шек санап кармады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 24-февраль күнү коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскер прокуратурасы жана УКМК Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондук комиссариаттарында кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү жүргүзүп, натыйжада шектүү кызмат адамдары кармалды.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул райондук комиссариаттардын кызматкерлери мыйзамсыз жол менен аскердик кызматтан бошотуу үчүн чакырылуучулардан жана алардын жакындарынан дайым акча алып келишкени, ошондой эле мобилизациялык резервдин тизмесине катышуучуларды киргизүү үчүн пара талап кылышканы аныкталды", - деп билдирди Башкы прокуратура.
Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы тергеп жатканы кабарланды, бирок иш кайсы берене менен козголгону ачыкталган жок.
УКМК, Башкы прокуратура күч тутумундагы коррупцияны алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында буга чейин Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын, Коргоо министрлигинин кызматкерлери кармалганы маалымдалган. (ZKo)
Шерине