Орусиянын Марселдеги консулдугунун аймагында 24-февралда жардыруу болду. Маалыматты La Marseillaise басылмасына Орусиянын Франциядагы башкы консулу Станислав Оранский билдирди.
Буга чейин бир катар француз маалымат каражаттары дипломатиялык өкүлчүлүктүн жанында жардыруу болгонун кабарлашкан. Алар жазгандай, окуя таңкы саат сегиздерде болгон.
BFMTV телеканалы полициядагы өз булактарына таянып жазгандай, консулдуктун имаратына күйүүчү май куюлган эки бөтөлкө ыргытылган.
Valeurs Actuelles басылмасынын кабарчысы жабыркаган адамдар болбогонун, бир гана материалдык залака келтирилгенин билдирди. Ал кошумчалагандай, консулдуктун жанынан уурдалган машине табылган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Марселдеги жардырууда "теракттын бардык белгилери бар экенин" билдирди.
"Өлкөдөн иликтөө боюнча жана Орусиянын чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугун күчөтүү боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылабыз", - деди министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова.
Марселдеги Орусиянын баш консулдугу Амбруаз-Пар авенюсунда жайгашкан. Анын жанында Египеттин, Тунистин, Армениянын жана башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар.
24-февралда Орусиянын Украинага кол салышына үч жыл болду.
Шерине