Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Адвокат Самат Матцаков тил каттын негизинде камактан чыкты


Самат Матцаков сот залында. 28-январь, 2025-жыл.
Самат Матцаков сот залында. 28-январь, 2025-жыл.

Үч айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 24-февралда эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, адвокаттын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү судьяга атайын кызматтын тергөөчүсү берип сот аны канааттандырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана пробациялык жаза алган журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду былтыр 29-ноябрда кармаган.

Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана, 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.

Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Декабрдын соңунда Матцаковдун камактагы мөөнөтү 28-февралга чейин узартылган.

Мындан соң Матцаковдун адвокаттары аны кармоонун мыйзамдуулугу жана абакка камоо тууралуу чечимдерге каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышкан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG