Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:03

Алматыда Украинаны колдоп пикетке чыккан орусиялык жаранды полиция кармап кетти


Орусиянын жараны Тимофей Морозов Алматыда Украинаны колдогон акцияга чыкты. 24-февраль, 2025-жыл.
Орусиянын жараны Тимофей Морозов Алматыда Украинаны колдогон акцияга чыкты. 24-февраль, 2025-жыл.

Казакстандын Алматы шаарындагы Республика аянтына Украинаны колдоп 24-февралда жалгыз пикетке чыккан орусиялык жаранды полиция кармап кетти.

Тимофей Морозов акцияга "Украина жеңет, Орусия эркин болот" деген жазуу менен чыккан.

Анын айтуусуна караганда, бийликтен акция өткөрүүгө уруксат алган эмес. Морозов 2024-жылы Орусиядан Казакстанга көчүп келгенин кошумчалады.

Ал Казакстанда "өзүн коопсуз сезерин, бирок бул акция үчүн басым болушу мүмкүн экенин" божомолдогон.

Акцияны баштагандан көп өтпөй полиция өкүлдөрү андан пикетти токтотууну суранышкан.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушун баштаганына үч жыл болду.

Бүгүн дүйнөнүн бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген акциялар өтүп жатат.

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте 30га чукул активист Украинанын элчилигинин алдында көңүл айтуу иш-чарасына чогулду.

Ондон ашуун мамлекеттин лидерлери Киевге барды. Украин баш калаасында бүгүн атайын саммит өткөрүлөт. Президент Владимир Зеленскийдин айтуусуна караганда, ага дагы ондогон мамлекеттин жетекчилери видео байланыш аркылуу катышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG