Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:17

Кардиохирургия институту убактылуу башка имаратта иштей баштайт


Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. Кырсык болгон күндүн эртеси тартылган сүрөт.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. Кырсык болгон күндүн эртеси тартылган сүрөт.

Бишкектеги өрт чыккан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту Республикалык дартты аныктоо борборунун имаратына көчүрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 24-февралдагы жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Имарат бошотулгандан кийин анын өрт чыккан жертөлөсү толугу менен оңдолуп, үстүңкү кабаттарда косметикалык оңдоо иштери жүрөт.

“Медициналык аппараттарды ал жерден алып чыгууга укук коргоо органдарынан уруксат алдык. Техникалык кызматкерлер менен бирге техника ыштан кандай жабыр тартканын карап жатабыз. Себеби операция учурунда бейтапка зыян бербей тургандай кылып, ишке киришели деп турабыз. Бирок азыр иш баштала элек”, - деди Байдавлетов.

Депутат Нурлан Сулайманов аймактардагы ооруканалардын өрт коопсуздугун дагы бир сыйра карап чыгууну сунуштады. Ал өзгөчө кырдаал жаралган учурда атайын техниканын медициналык имараттарга жетүүсүнө тоскоолдук жаралбашы керектигин, ооруканалардын жанындагы унаа токтотуучу жайларды иретке салуу зарылдыгын айтты.

11-февралдын кечинде институтта өрт чыгып, реанимацияда оор абалда жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм эвакуация учурунда каза тапкан. Өрт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн мекеме аралык комиссия түзүлгөн. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG