Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

Кыргызстан Украинада тынчтык орнотуу аракеттерин кубаттай турганы белгиленди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Кыргызстан Украинада бекем тынчтыкты орнотуу максатында жүргүзүлүп жаткан эл аралык аракеттерди кубаттайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 24-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин кезектеги 58-сессиясында сүйлөп жатып билдирди.

"Украинадагы бекем тынчтык орнотуу максатында эл аралык сүйлөшүүлөрдүн пайдубалын түптөө боюнча соңку аракеттер жакын арада бул жаңжалды токтотот деген үмүттү пайда кылууда", - деди ал Женевада сүйлөп жатып.

24-февралда Орусиянын Украинага кол салганына үч жыл болду. Кыргызстан Украина – Орусия маселесинде бейтарап экенин билдирип келет.

"Экөө тең бизге жакын өлкөлөр жана Кыргызстанда орусиялык да, украиналык да этникалык азчылыктар жашайт. Биз бул кырдаалды токтотууга жан үрөйбүз", - деген эле Байсалов былтыр жайында германиялык Deutsche Welle басылмасына курган маегинде.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл жыл башында кызматка киришкени, Украинадагы согушту токтотуу боюнча аракеттер активдешти. 18-февралда Вашингтон менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги делегациялары жолугушту.

Украина бул сүйлөшүүгө катышпай калганына нааразылык билдирген. Мындан улам украин президенти Владимир Зеленский менен Трамп кайым айтыша кеткен.

Орусиянын президенти Владимир Путин согуш ачкандагы максатын Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу катары түшүндүргөн. Бирок анын чоо-жайын так айткан эмес.

24-февралда дүйнөнүн ондогон лидерлери Киевге согуштун үч жылдыгына карата чогулушту.

Шерине

XS
SM
MD
LG