Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:18

Украинадагы согуштун үч жылдыгына дүйнө лидерлери Киевге барышты


Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо Киевге барды. 24-январь, 2025-жыл.
Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо Киевге барды. 24-январь, 2025-жыл.

Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Литванын жана Латвиянын президенттери Гитанас Науседу жана Эдгарс Ринкевичс, Эстония менен Испаниянын өкмөт башчылары, андан тышкары Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин президенти Антониу Кушта 24-февралда барышты.

Фон дер Ляйен украин баш калаасына баргандан кийин X социалдык түйүнүнө "Украина - бул Европа болгон үчүн бүгүн Киевдебиз. Бул жашоо үчүн күрөштө Украинанын эле тагдыры эмес, Европанын дагы тагдыры турат", - деп жазды.

Анын айтуусуна караганда, Украинага Евробиримдик март айында 3,5 млрд евролук жаңы жардам көрсөтөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтуусунда, бул күнү Киевде өткөрүлө турган саммитке 13 мамлекеттин лидери барат. Андан тышкары видеобайланыш аркылуу 24 мамлекеттин президенти же өкмөт башчысы катышат.

Бул кадам АКШнын президенти Дональд Трамп Украианага жардамды кескин кыскартарын билдирип, согушту токтотуу аракеттерин күчөтүп жаткан маалда жасалууда.

Ал арада Орусиянын армиясы 24-февралга караган түнү Украинанын аймагына 185 "Шахед" дрону менен сокку урду. Бул тууралуу украин армиясы билдирди. Жыйынтыгында Днепропетров, Одесса, Киев жана облустарында инфратүзүмдөр жана карапайым адамдар жашаган турак жайлар жабыркады.

Одесса облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, дрон сыныктарынан портко жакын жердеги имараттарга, жеңил автоунааларга залака келтирилген.

Хмельницк облусунда бир нече турак жайдын терезелери күбүлүп түшүп, чатырлары талкаланган.

Украин армиясы 113 дронду атып түшүргөнүн билдирди.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушун баштаганына үч жылдын жүзү болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG