Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:29

Өкмөт башчылар кыргыз-тажик алакасын талкуулашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сайтында жарыяланды.

24-февралда болгон сүйлөшүүдө тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Мындан тышкары үзгүлтүксүз диалогдун мааниси белгиленип, алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын алкагында жакшы коңшулук мамилени жана өнөктөштүктү бекемдөөгө эки тараптын тең кызыкчылыгы баса белгиленгени маалымдалды.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү жараяны соңуна чыкканы 21-февралда расмий жарыяланды. Эми өкмөттүк делегациялар даярдаган жыйынтык документтер ар бир өлкөнүн ичинде талкууланып, бекитилген соң биргелешкен кол коюу жараяны өтүшү керек.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын ортодогу мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жыйыны Бишкекте өткөн аптада жыйынтыкталган.

Президент Садыр Жапаров былтыр 13-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине чакан маек куруп, эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясы ишин аяктаса, документти тышкы иштер министрлери бекитип, мыйзам долбоору андан кийин парламенттер ратификациялаган өткөн соң эки президент кол коёрун билдирген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки республиканын башчылары жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырасташкан.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG