Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:53

Ноокатта өспүрүм өз жанын кыйганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-февраль күнү Ноокат районунун Бел айыл аймагында жашаган С.А. аттуу 12 жаштагы өспүрүм өз үйүнүн короосунда асынып каза тапканы жергиликтүү милицияга кабарланган.

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери бул фактыны каттап, тергөөгө чейинки өндүрүш башталган.

Маалыматка ылайык, баланын ата-энеси жана жакындары маркум соттук-медициналык экспертизага макулдук болгон эмес. Жыйынтыгында милиция сөөккө сырттан кароо жүргүзүп, туугандарына өткөрүп берген.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканы кабарланды.

Кыргызстанда жаш өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйып же кыюуга аракеттенген учурлар жыл башынан бери катталууда.

5-февралда Ысык-Көл облусунда 18 жаштагы кыз жипке асынып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыз өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Кийинчерээк кыздын өлүмүнө шек саналып, мектептин дене тарбия мугалими кармалганы кабарланган.

16-февралда Токмокто 16 жаштагы өспүрүм уктоочу бөлүмүндө асынып каза болгону кабарланган. Бала мектепте "эң жакшы" баага окуганы, үлгүлүү жүрүм-турумда болгону айтылган.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. ИИМдин маалыматында, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөрдүн эки мушташы катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары катышкан бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.

Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн кийин суицидге барган балдардын жакындары балдар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салганын маалымдаган. (DSh/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG