Конгресстин айрым мүчөлөрү жана Европанын бир катар лидерлери Трамптын бул сөздөрүн сынга алышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп украин лидери Владимир Зеленскийдин жүргүзгөн ишин "начар" деп баалады.
Трамп 19-февралда Маямиде бизнес жетекчилери менен жолугуп жатып, Зеленский Вашингтон согуш үчүн бөлгөн каржылык жардамды кыянат пайдаланган деген доомат койду.
“Мен Украинаны жакшы көрөм, бирок Зеленский жаман иш жүргүздү. Өлкөсү талкаланды жана миллиондогон, миллиондогон адамдар бөөдө ажалга туш болушту. Эки тарап менен тең сүйлөшмөйүнчө согушка чекит кое албайсыңар. Сүйлөшүүңөр керек. Алар үч жыл сүйлөшө алышкан эмес. Ошондуктан биз жакын арада ок атышуу токтоп, Европа менен Жакынкы Чыгышта туруктуулукту камсыздагыбыз келет”, - деди Трамп.
Бул билдирүү Зеленскийдин Трампты "Москванын жалган маалымат мейкиндигинде жашайт" деген айыптоосуна жооп катары айтылгандай болду.
Зеленский 19-февралда Киевдеги маалымат жыйында Сауд Арабиясында өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө тынчсыздануусун кайталады. Бул жолугушуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун катышуусунда өткөн.
Зеленскийдин айтымында, ал сүйлөшүүлөр "[Орусиянын президенти Владимир] Путинди обочолонуудан чыгарууга" багытталган.
"АКШ Путинге көп жылдан берки обочолонуудан чыгууга жардам берди… Путин жана орусиялыктар буга абдан ыраазы", – деди Зеленский.
19-февралда кечинде Маямиден кайтып келе жатып, Трамп Air Force One учагынын бортунда журналисттерге Орусия "чоң аймакты басып алганын" жана ошондуктан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө артыкчылыкка ээ экенин айтты.
АКШ президенти ошондой эле Зеленскийди "шайлоо өткөрүүдөн баш тартып жатканы үчүн" айыптады. Ал Truth Social тармагына жазган билдирүүсүндө украин президентин “шайлоосу жок отурган диктатор” деп атады.
Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштук абал жарыялангандыктан шайлоо өткөрүүгө мүмкүн болбой келет.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 19-февралда Daily Mail басылмасына берген маегинде, Зеленскийдин Трампты сындашы анын өзүнө зыянын тийгизиши мүмкүн экенин эскертти.
"Зеленский коомдук медиа аркылуу президентти каралап, анын оюн өзгөртөм деп ойлосо, бул өтө чоң жаңылыштык. Президентти жакшы билген ар бир адам муну анын администрациясы менен иштешүүнүн эң начар жолу экенин айтат", – деди Вэнс.
Айрым ардагер республикачылар Трамптын сынына кошулбайт
АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү Трамптын Зеленскийдин дарегине айтылган сынына каршы чыгышты.
19-февралда Республикалык партиянын бир катар ардагер сенаторлору Украинага күчтүү колдоо көрсөтүп, Орусиянын агрессиясына баш ийүү аркылуу тынчтандырууга болбой турганын эскертишти.
Луизианадан шайланган сенатор Жон Кеннеди Владимир Путинди "кара өзгөй кылмышкер" деп атады.
Миссисипиден шайланган сенатор Рожер Уикер да Кеннединин тынчсыздануусун кайталап, Орусиянын Украинага кол салуусун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө Киевдин катышуусу зарыл жана Европа өлкөлөрүнүн кызыкчылыгы да эске алынышы керек экенин белгиледи.
Түндүк Каролинадан шайланган сенатор Том Тиллис Трамптын Зеленскийди "диктатор" деп атаганын колдогон жок, бирок Трамптын өзүн сындагандан да карманды.
"Мен андай сөздү колдонбойт элем", – деди ал. - Владимир Путин менен президент Зеленскийдин ортосунда моралдык теңдик жок" , - деп кошумчалады.
"Бул согушка толугу менен Владимир Путин жооптуу. Анын чечими Украинанын сан жеткис жарандарынын өлтүрүлүшүнө, зордукталышына, кыйноого алынуусуна жана уурдалышына алып келди. Бул согуш үчүн жоопкерчилик толугу менен ага таандык", – деди Тиллис 19-февралда Вашингтондо журналисттерге.
Сенаттагы республикачылардын лидери Жон Тун (Түндүк Дакота) Трамптын билдирүүлөрү боюнча түздөн-түз жооп берүүдөн баш тартты.
"Президент өз атынан сүйлөйт. Мен болсо Украинада тынчтык орношуна колдоо көрсөтөм. Азыркы учурда администрация, президент жана анын командасы ошол максатка жетүүгө аракет кылууда, - деди.
Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аякташы керек болчу, бирок Украинада согуштук абалы режими күчүндө болгондуктан шайлоо өткөрүлө элек. Буга Баш мыйзам жол берет. Толук масштабдуу согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери аскердик абал бир нече жолу узартылды.
Трамптын билдирүүлөрү Европанын бир катар лидерлеринин да сынына кабылды. Германиянын канцлери Олаф Шольц Зеленскийге "диктатор" деген айыптоону "жөнү жок жана коркунучтуу" деп атады.
Шерине