Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аманкан Кенжебаев дайындалды. Ал Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутат болгон, ага чейин Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда аким болуп турган. 2021-жылы кыска мөөнөткө Ош облуснун Кара-Кулжа районуна аким болгон.
Кенжебаев соңку парламенттик шайлоодо №19 шайлоо округунан ат салышып, жетиштүү добуш алган эмес.
Ал 58 жашта, Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.
Президенттин Ош облусундагы буга чейинки өкүлү Элчибек Жантаев 1-декабрда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп дайындалган.
Аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ноябрда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп кеткен.
Шерине