Кыргызстанда эркектердин саламаттыгын текшерүүгө арналган бир айлык жүрүп жатат. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Долбоорду Саламаттык сактоо министрлиги ишке ашырууда. Мекеменин маалыматына караганда, “Жоопкерчиликтүү бол!” акциясы 18 жаштан жогорку курактагы эркек жарандардын жугуштуу эмес ооруларга туш болуу коркунучун аныктоо максатын көздөйт.
Февраль айы ичи каалоочулар жашаган жериндеги бейтапканага барып, текшерилип, дарыгерлердин кеп-кеңешин алса болот.
Жугуштуу эмес оорулардын арасында, адистер белгилегендей, жүрөк-кан тамыр, өпкө илдеттери, рак жана кант диабети өзгөчө тынчсызданууну жаратат, анткени алар билинбей пайда болуп, кооптуу чекке жеткирет, ошондуктан убагында аныктап, дарылоо зарыл.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы Кыргызстанда 8559 эркек жаран жүрөк-кан тамыр оорусунан көз жумган. Көбүнүн өлүмүнө оору тамеки чегүүдөн, ичкиликтен жана жетиштүү кыймыл активдүүлүгү жок болгондуктан күчөп кеткени себеп болгон.
Бир айлык өнөктүк 2019-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп турат. Былтыр 680 миң эркек жаран текшерилип, алардын арасынан 127000 (19%) кишиде жугуштуу эмес ооруга чалдыгуу фактору бар экени аныкталган. 5200 киши гипертония менен, 400ү экинчи типтеги кант диабети менен каттоого алынган.
“Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоорду Швейцария өкмөтү каржылайыт.
Шерине