Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы борбор калаа Киевде 12-февралга караган түнү орус армиясынын ракеталык соккусунан бир кишинин өмүрү кыйылганын тастыктады.
Маалыматта айтылгандай, Киевдин Оболонский районунда ири өрт тутанды, кеңселер жайгашкан имараттын жети кабаты күйүп, ал жерде бир адам каза болду.
Шаар мэри Виталий Кличко үч адам жабыркап, анын ичинде тогуз жаштагы кыз ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Киевдин Голосеев районунда 600 чарчы метр аянтты ээлеген эки кабат кампа күйүп жатканы маалымдалды. Соломенский районунда көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыкты.
Мэр Дарницкий районунда менчик ишкананы өрт чалганын кошумчалады.
Украинанын куралдуу күчтөрү Киев жана Кривой Рог шаарларына “Искандер” баллистикалык ракеталар менен сокку урулганын аныктады. Алтоо Брянск облусунан, бирөө аннексияланган Крымдан учурулганы, украин аймагына коюлган чабуулга андан тышкары жүздөн ашуун дрон тартылганы маалымдалды.
Киев облусунун Борисполь районунда учкучсуз учактын сыныктарынан тогуз жер там жана бир машина зыян тартты.
Кривой Рогдо көп кабаттуу үч турак жай жана административдик имараттарга залака тийди, бирок жабыркагандар болбогону кабарланды.
Украин президенти Владимир Зеленский башкалаага урулган таңкы соккуларды Орусиянын Украинага каршы террору деп атады:
“Путин тынчтыкка умтулган жок, ал адамдарды өлтүрүүнү, шаарды талкалоону улантууда”, - деп айтты украин лидери.
Орусиялык мамлекеттик медиа Киевдеги кампада өрт болгонун жазып, шаар ракета соккусуна кабылганын кабарлаган эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдар тууралуу колмментарий кыла элек.
Далилдерге карабай Москва кошуна өлкөсүнүн жарандык инфраструктурасын, карапайым адамдарды бутага алганын танууда.
Шерине