Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Трамп Эл аралык кылмыш сотуна санкция салды. Гаагадагы сот ишин улантат


Биньямин Нетаньяху и Дональд Трамп (фотомонтаж, архив).
Биньямин Нетаньяху и Дональд Трамп (фотомонтаж, архив).

6-февралда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп "АКШны жана анын союздаштарын куугунтуктаганы үчүн" деген негизде Эл аралык кылмыш сотуна санкция салган жарлыкка кол койду. Документте сот Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу боюнча "негизсиз ордер" бергени да айтылат.

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшемби күнү кол койгон документте америкалыктарга же алардын союздаштарына каршы тергөөгө катышкан адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө каржылык жана визалык санкциялар колдонулары жазылган.

Документте Трамп Эл аралык кылмыш сотунун АКШга каршы аракеттери америкалык аскер кызматкерлерине коркунуч туудурарын белгилейт.

"АКШ менен Израил Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныбайт жана эки өлкө тең согуш мыйзамдарын так сактаган аскерлери бар демократияга ээ экенин белгилейбиз" деп айтылат жарлыкта.

Жарлыкта Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу боюнча "негизсиз ордер" бергени да белгиленет. Израил АКШ президентинин чечимин кубаттады.

"Израил мамлекетинин демократиялык жол менен шайланган премьер-министрин жана биздин мурдагы коргоо министрибизди камакка алуу ордерин чыгаруу чечими өзү сексуалдык зордуктоо боюнча айыптоодон арылууга аракет көрүп жаткан прокурор жана антисемиттик маанайдагы калыс соттор тарабынан кабыл алынган", - деди премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Трамп Эл аралык кылмыш сотуна санкция салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:51 0:00

Баш кеңсеси Гаагада жайгашкан жана 120дан ашык өлкө кирген Эл аралык кылмыш соту АКШ президентинин бул чечимин айыптады. Сот жарыяланган билдирүүдө мекеме өз кызматкерлерин толугу менен колдой турганы, мүчө мамлекеттерди жана эл аралык коомчулукту “адилеттикти жана негизги адам укуктарын коргоодо бирдиктүү болууга” чакырды.

Бул сот АКШнын мындай кадамдарына экинчи ирет туш болуда. 2020-жылы Трамптын биринчи президенттик мөөнөтү маалында Вашингтон АКШнын Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы ыктымал согуш кылмыштарын иликтөөгө байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Фата Бенсуданы жана юрисдикция боюнча директору Факисо Бенчочохого санкцияларды киргизген.

АКШ Эл аралык кылмыш сотунун кайсы кызматкерлерин "кара тизмеге" киргизери белгисиз.

Guardian басылмасы сотто Трамптын чечими анын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн деген кооптонуу жаралганын жазды.

Басылманын булактары сот айрым кызматкерлери санкцияга кабылса кыйынчылык жараларын, бирок анын кесепети "катастрофалык эмес" деп бааларын айтышкан.

Эл аралык кылмыш соту 2002-жылы түзүлгөн. Анын укуктук негизи болгон Рим статутун 120дан ашык өлкө ратификациялаган. Дагы 34 мамлекет ага кошулуп, ратификациялоону кийинкиге калтырган. Израил бул соттун юрисдикциясын тааныбайт.

Лондон экономика мектебинин профессору Жерри Симпсон Эл аралык кылмыш сотунун миссиясын мындай сыпаттады:

"Эл аралык кылмыш соту эл аралык укуктун негизги эрежелерин бузгандарга жеке жоопкерчиликти колдонуу үчүн түтзүлгөн. Эң негизгиси буга окшогон көп нерселер улуттук соттордо деле көптөн бери жасалып келген. Бирок Эл аралык кылмыш соту согуш кылмышкерлери деп табылган адамдарды соттогон биринчи туруктуу орган болду".

Еврокомиссия Трамптын чечимине “өкүнүчүн” билдирип, Эл аралык кылмыш соту трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө маанилүү курал экенин белгиледи. Еврокомиссиянын пикиринде, АКШ президентинин чечими соттун ар кандай иштерди, анын ичинде Украинадагы согушка байланыштуу иштерди иликтөөсүнө коркунуч келтириши мүмкүн.

Буга чейин Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинадан балдарды "мыйзамсыз чыгарып кеткен" деп айыптап, камакка алууга ордер берген. Орусия Гаагадагы соттун юрисдикциясын тааныбайт.

Эл аралык кылмыш соту былтыр 21-ноябрда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган. Соттун расмий сайтындагы өткөн жылдын 20-майындагы маалыматка ылайык, аларды кармоону соттун прокурору Карим Хан талап кылган. Эл аралык сот жогорудагы аты аталгандарды 2023-жылкы ХАМАСтын кандуу чабуулдары жана Израил андан кийинки Газа тилкесинде согуш кылмыштарын жасаганы үчүн айыптаган.

Судьялар Нетаньяхуну жана Галантты Газа тилкесиндеги карапайым калкка атайылап чабуул коюп, согушту жүргүзүүнүн эл аралык укуктук нормаларын бузган деп тапкан. Эл аралык сот 2023-жылдын 8-октябрынан 2024-жылдын 20-майына чейинки кылмыштарды иликтөөнүн негизинде ушундай корутунду чыгарган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG