Казакстанда үч жыл мурдагы Январь (Каңтар) окуялары боюнча 20 жылга түрмөгө кесилген "Дикий Арман" деген лакап аты менен таанымал Арман Жумагелдиев абакта өз денесине залал келтирди. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин жаза аткаруу багытында иш алып барган комитети 1-февралда кабарлады.
"Соттолуучу өз денесине жеңил жаракат келтирген. Дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анын ден соолугу канааттандырарлык. Мекеменин психологдору соттолгон адам менен профилактикалык иштерди жүргүзүүдө", - деп билдирди мекеме.
Бирок расмий билдирүүдө Арман Жумагелдиев денесине так кандай залака келтиргени, ага эмне себеп болгону айтылган эмес.
Буга чейин анын жактоочуларынын бири Елена Жигаленок Жумагелдиев жана аны менен соттолгон дагы бир нече адам сот аяктагандан кийин, өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө кире электе Казакстандын ар кайсы аймактарындагы абактарга жеткирилгенин айтып чыккан. Адвокат соттолуучулардын укуктары бузулуп жатканын кошумчалаган.
Казакстандын жаза аткаруу мекемеси бул билдирүүдөн кийин соттолуучулардын баары азырынча тергөө изоляторунда экенин маалымдаган.
27-январда казак соту Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарган. Алардын арасында кримтөбөл Арман Жумагелдиев, Алматы шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, ишкер Кайрат Кудайберген, журналист Бердах Бердымурат жана коопсуздук кызматынын, каржы полициясынын өкүлдөрү бар.
Өкүмгө ылайык, Арман Жумагелдиев 2022-жылдын январь айындагы кандуу окуялар маалында кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген, башаламандык уюштурган жана адам уурдаган деген айыптар менен 20 жылга кесилген.
Жумагелдиев абактан казакстандык интернет басылмага берген маегинде өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, “ал кезде өзгөчө кырдаал болуп, бийлик өкүлдөрү жок болгондуктан, күч түзүмдөрүнүн милдетин өз колуна алганын" айткан.
Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2022-жылы 2-январда башталып, өлкөнүн башка аймактарына жайылып кеткен. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238ге жеткен. Январь окуяларына байланыштуу Казакстанда 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.
Шерине