Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:00

Тбилисиде өкмөткө каршы акцияда ондон ашуун адам кармалды


Tbilisi Mall соода борборунун жанындагы акция, 2-февраль 2025-жыл.
Tbilisi Mall соода борборунун жанындагы акция, 2-февраль 2025-жыл.

Грузин полициясы баш калаа Тбилисиде өтүп жаткан өкмөткө каршы акциянын ондон ашуун катышуучусун кармаганы кабарланууда. "Азаттыктын" грузин кызматы жана "Кавказ жаңырыгы" басылмасы кабарлагандай, жекшембиде кармалгандардын арасында "Өзгөрүү үчүн коалициясынын" таанымал мүчөлөрү Ника Мелия, Тенго Тевзадзе жана Тбилисинин мурдагы мэри Гиги Угулава да бар.

Жекшембиде жүздөгөн митингчилер грузин баш калаасынын жака белиндеги Tbilisi Mall соода борборунун алдына чогулушту. Анын алдында митингчилер соода борборунун жанындагы Тбилиси-Сенаки-Леселидзе автожолун бөгөттөй турганы кабарланган.

Бул кабарды утурлай бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы 31-январда мыйзамдарга чукул өзгөртүү киргизип, "эл аралык жана ички жолдорду" стратегиялык объекттердин катарына кошкон. Андан соң бийлик мындай жолдорду буугандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын, эки жылга чейин кесилиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Жекшемби күнү Тбилисинин бул районуна көп сандагы полиция кызматкерлери топтолуп, демонстранттарга жолду бөгөттөөгө уруксат берген жок.

Грузияда "Грузин кыялы" партиясы жетектеген өкмөткө каршы митингдер октябрдагы талаштуу парламенттик шайлоодон бери токтобой жатат. Миллиардер Бидзина Иванишвили башында турган партия шайлоону жеңгенин жарыялаганы менен эл аралык байкоочулар добуш берүү маалында олуттуу мыйзам бузуулар катталганын, шайлоо коркутуп-үркүтүү менен коштолгонун билдирген. Грузиянын оппозициялык партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Нааразылык акциялары бийликтин Грузиянын Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүн кийинкиге жылдыруу чечиминен кийин ого бетер күчөгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG