Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

Алдыдагы беш жылда кайсы кесиптер керек?


Нуршат Абабакиров, Мээрим Камчыбекова, Калыгул Жунушбеков, Сапаргүл Абдинабиева.
Нуршат Абабакиров, Мээрим Камчыбекова, Калыгул Жунушбеков, Сапаргүл Абдинабиева.

Алдыдагы беш жылда дүйнөдө кандай кесиптер актуалдуу болот жана жаштар жашоодо өз ордун таап, мыкты карьера куруп кетүү үчүн кандай жөндөмдөргө ээ болушу керек? Гарвард, Колумбия, Сассекс сыяктуу алдыңкы окуу жайларда билим алган кыргызстандыктар өз ойлору менен бөлүштү.

Нуршат Абабакиров, Колумбия университетин магистранты:

Беш жыл аябай кыска убакыт. Бул аралыкта адаттагы жөндөмдөр жогору талапка ээ бойдон кала бермекчи. Алар көрүнбөгөн (soft skills) жана көрүнгөн (hard skills) жөндөмдөр деп экиге бөлүнөт.

Soft skills тууралуу айтсам, бул өз оюн эркин эки-үч тилде жазып, окуп жана эл алдында сүйлөө. Презентация жасоо, командада иштөө жана өз командаңды шыктандырып, жетектеп кетүү.

Ал эми hard skills негизги компьютердик программалар менен иштөө кирет. Excel , Word бул эң жөнөкөйлөрү. Азыркы жаштар айттырбай Питон (Python) же башка программалоо тилдеринде эркин болбосо да эмне экенин жана аны менен жөнөкөй нерселерди жасаганды билиш керек.

Азыр адам баласынын жүрүм-турумун, ар бир кыймыл аракетин, мүнөзүн эсептеген технологиялар өнүгүп турган учурда жана ал маалымат күндөн күнгө байып көбөйүп турган кезде, маалымат базалары менен иштөө жана аларды анализдөө бааланат. Дата аналитиктерге болгон суроо-талап азайбайт деп ишенем.

Нуршат Абабакиров.
Нуршат Абабакиров.

Себеби акылдуу технологиялар көбөйгөн сайын акырындап адамдын кызыкчылыктарын божомолдоо жана аларга таасир этүү жолдору көбөйө баштайт. Математикалык маалыматтар же дата менен иштөө кадыресе көрүнүшкө айланат. Ушул тапта чоң эл аралык уюмдар дата боюнча стратегияларын ишке киргизип жатышат жана анда дата деген жөн гана IT адистеринин жоопкерчилиги эмес, ар бир кызматкердин жоопкерчилиги деп даярдап жатышат.

AI же жасалма интеллект менен иштөө жана аны туура колдонуп билүү да чоң компанияларда милдеттүү биле турган жөндөм боло баштады. Себеби ал продуктивдүүлүктү жогорулатат деп ишенишет. Маалымат базалары менен иштөө жана аларды анализдөө үчүн математика же статистика боюнча негизги жөндөмдөр керектүү болот.

Программалоо тилдери тынбай өзгөрө бермекчи, ошондуктан ар бир студент фундаменталдык билимдерин бекемдеп, өзгөрүүлөргө дайым даяр турушу керек. Жалпысынан эл аралык деңгээлде аттандаштык көрсөтүү үчүн бир багытта аябай күчтүү адис болуу шарт.

Экинчиден, ар бир студент өз кандидатурасын эмгек базарында кантип сатууну өздөштүрүшү керек. АКШ университеттеринде ал үчүн атайын борборлор бар. Ал жакта атайын адистер студенттерге кантип резюме жана кат жазышты үйрөтүшөт. Андай борборлор Кыргызстандын окуу жайларында да ачылышы керек деп эсептейм.

Мээрим Камчыбекова, Гарвард университетинин магистранты:

- Мен жакында эле Гарвард университетинин билим берүү тармагында магистрдик ишимди жактадым. Окуу маалында дагы келечектеги жумуш орундарына кантип даяр болушубуз керек, кандай жөндөмдөргө ээ болуп, кандай өзгөрүүлөргө даяр болушубуз керек деп эксперттер менен көп талкууладык.

Жасалма интеллект боюнча профессорубуз белгилегендей, эң биринчи кезекте оюбузга, мээбизге life of learning же башкача айтканда өмүр бою үйрөнүү деген ой жүгүртүүнү киргизишибиз керек.

Дүйнөдө өзгөрүүлөр эч качан тынбайт. Мындан дагы бат өзгөрөт. Профессор “60 жылдык билим алуу” деген программаны түзүп чыккан. Муну менен ал адам 60 жыл бою окуп-үйрөнүп жүрүш керек деген концепцияны бөлүшкүсү келген. Ошондой эле Дүйнөлүк экономикалык форумдун божомолдоруна караганда, келечекте үч жүз миллион жумуш орду автоматташтырылат.

Мээрим Камчыбекова.
Мээрим Камчыбекова.

Ошол эле учурда көп адамдарда “менин кесибим эч нерсеге жарабай калабы” деген коркуу сезими пайда болушу мүмкүн. Ушундай кооптонууларды жок кылуу үчүн профессорлордун сунушу боюнча биз бир тармакта эксперт болуу менен бирге ошону менен катар эле жасалма интеллектти өздөштүрүүбүз керек. Демек, биз мындан ары жасалма интеллект боюнча сабаттуулугубуздун үстүндө иштешибиз абзел. Бул чоң талаптардын бири. Анткени жумуш ордун робот эмес, жасалма интеллекти билген адис ээлейт.

Биз робот же жасалма интеллект менен атаандашпай, тескерисинче робот билбеген же үйрөнө албаган жөндөмдөргө маани берип, аларды өзүбүздө өнүктүрүшүбүз керек. Ал кандай сапаттар? Ал креативдүү ой жүгүртүү, сынчыл ой жүгүртүү, маселени чече билүү. Ушул жөндөмдөрдү өнүктүрүү менен гана биз келечектин кесиптерине даяр боло алабыз.

Убакыт өткөн сайын жумушту аткаруу шарты дагы өзгөрөт. Маселен, азыр эртең мененки тогуздан кечки алтыга чейин иштесек, бир аз убакыттан кийин ар бир адамга эркиндик, каалаган убактыңда аткарса болот деген мүмкүнчүлүк берилет. Демек адам өзүн өзү контролдоо, өзүн өзү башкаруу сыяктуу жөндөмдөрдү өнүктүрүшү зарыл.

Сапаргүл Абдинабиева, Британиядагы Сассекс университетинин магистранты:

- Азыр дүйнө жүзү боюнча мамлекеттер, эл аралык уюмдар же университеттер, чоң же чакан бизнестер алдыңкы 3-4 жылда кандай адистиктерге муктаждык бар экенин сайттарына же улам вакансиялар аркылуу белгилеп, көрсөтүп турушат. Учурда санариптешүү дүйнө жүзүн аябай катуу ылдамдыкта каптап, өнүгүп жаткандыктан оффлайн жашоо дээрлик онлайнга көчтү.

Реалдуу жашоодогу коопсуздук канчалык маанилүү болсо, онлайн жашоодогу маалымат коопсуздугу, жеке жашоонун коопсуздугу, чоң компаниянын коопсуздугу, башкача айтканда кибер коопсуздук абдан актуалдуу болуп турат. Менимче, бул тармактагы адистиктер абдан маанилүү.

Экинчиден, Жер шарындагы ресурстар менен жашаган адамдардын ортосундагы пропорциянын балансы бузулгандыктан, соңку элүү жылдыкта климаттын өзгөрүшү, глобалдык жылуулук, жакырчылык сыяктуу бир топ көйгөйлөр келип чыкты. Ошолорду чечүүдө, алдын алууда, планетанын балансын сактоодо, дагы начарлап кетишин алдын алып, же болбосо жок дегенде ушул абалда кармап туруу үчүн дүйнө жүзү боюнча экологиялык адистерге муктаждык бар.

Албетте, бул түздөн түз жашыл экономикага, туруктуу өнүгүүгө байланыштуу. Мындан улам, кайра жарала турган энергия булактарын иштеп чыгуу, жашыл технологиялар менен иштешүү деген сыяктуу багыттагы адистиктердин актуалдуулугу жыл өткөн сайын жогорулайт. Андан тышкары саламаттык сактоого байланыштуу кесиптер маанилүү бойдон калат. Болгону дарыгерлер, медайымдар дагы жаңы технологиялар менен иштешүүнү өздөштүрүшү керек.

Сапаргүл Абдинабиева.
Сапаргүл Абдинабиева.

Үчүнчүдөн, акылдуу шаарларга же инфрастуктурага байланыштуу кесиптер. Азыр адамдын жашоосун жеңилдеткен, адамдын катыштыгы азыраак болуп, автоматташкан нерселер актуалдуу болгондуктан технологияны түшүнгөн же аны башкарууну билген, инженерлердин, архитекторлордун актуалдуулугу улам өсүп жатат жана өсө берет.

Англияда магистратурада окуп жатып дагы түшүнгөнүмө караганда, бизде көбүнчө жалпы кесиптер актуалдуу же ага дагы көбүрөөк даярдашат экен. Ал эми бул жактан тар багыттагы адистиктер актуалдуу экенин көрүп жатам. Божомолдорго караганда, жалпы эмес, тар багыттагы кесипке ээ болуп, ошол тармакт эксперт болгон туура жана компаниялар ошондой адистиктерге кызыкдар.

Азыр Meta, Coogle, Amazon сыяктуу ири компаниялардын сайттарын ачып, вакансияларын караганда, алар мисалы жөн эле менежер же журналисттерди эмес, climate solution менежер деген сыяктуу тар багыттагы кадрды издешет. Бизге окуу жайдан дагы профессорлор белгилешкендей, эколог же бир кесиптин ээси болгон жакшы, ошону менен ичинде бир адистикти кармап, кууш багытты терең өздөштүргөн эксперт болуу карьера курууга дагы жардам берет.

Германиядагы SAP компаниясынын каржы талдоочусу Калыгул Жунушбеков:

- Бүтүрүүчөлөргө айтарым, биринчиден, дайыма маселени чечүүчү болгула. Келечек ар кандай күтүүсүз жагдайларга толгон. Андыктан көйгөйлөрдү сынчыл ой жүгүртүү жана жаратмандык менен чечүү азыркы учурдун талабы. Алдыңардан чыккан сыноолор канчалык оор болсо, ошончолук бышасыңар жана жетилесиңер.

Экинчиден, технологияны жакшы өздөштүрүү. Технология азыр дүйнөдө game changer же оюн өзгөртүүчү абалда. маалыматтарды анализдөө же дата аналитикада болобу, жасалма интеллект жана жаңы чыгып жаткан технологиялык тренддерден калбай, аларды өздөштүрүп тур, бул өзгөчөлүк сени кийин жумуш ордуна ийгиликтүү адам кылат.

Үчүнчүдөн, ийкемдүүлүк. Жашоодо өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Бирок ийкемдүү ой жүгүртүү менен сиз келе жаткан соккуларга даяр турушуңуз керек. Ошого жараша өзүңүздү тууралап, ыңгайлаштырып, бир ордунда туруп калбай, алдыга жыла берүү шарт.

Төртүнчүдөн, коммуникация, байланыш. Бул өзгөчөлүк адамда жакшы өнүкпөгөн үчүн ушундай маселелер көп чыгат. Идеяларыңарды ачык айтуу жана кызматташуу чеберчилигин өздөштүрүңүздөр. Кайсы кесипти тандабаңыздар дагы кыялдарыңарды багындыруудан баш тартпаңыздар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG