Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз өкмөтү жасалма интеллектти өнүктүрүүгө көңүл бурарын жана санариптешкен доордо тобокелдиктерди да эске аларын белгиледи. Жапаров жасалма интеллектти жайылтуу боюнча буга чейин да бир нече ирет билдирүү жасап, өзү да сүйлөгөн сөзүн жасалма интеллектке даярдатканын, бул багытта суперкомпьютер алынганын жарыялаган.
Жасалма интеллект дүйнөгө кандай өзгөрүүлөрдү киргизип жатат жана Кыргызстан бул процесстерден артта калбашы үчүн кандай кадам жасашы керек? Бул тууралуу “Кыргыз интернет коому” бирикмесинин жетекчиси Талант Султанов “Азаттыкка” маек курду.
- Талант мырза, кыргыз өкмөтү жасалма интеллектти жайылтууга кызыкдар болуп жатат. Бул бүт дүйнөгө тараган процесске айланды. Мында жасалма интеллектти колдонуу же ага ыңгайлашууда мамлекеттер кандай кадамдарга барып жатышат? Жасалма интеллект Кыргызстанга канчалык таасир этүүдө?
- Кыргыз өкмөтүнүн мындай чечими же көз карашы туура. Жасалма интеллект учурда тездик менен өнүгүп жатканда, биз аны кантип туура пайдаланууну үйрөнүшүбүз керек. Дүйнөдө жасалма интеллект боюнча негизги лидерлер пайда болду. Алсак, алардын бири Кытай жасалма интеллектке катуу киришип, көзөмөлдөшү керек деген стратегия иштесе, АКШда бул жеке тармактын иши болушу керек деген көз караштар басымдуу. Ал эми Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө компромистүү пикирлер көп айтылып, мамлекет жөнгө салууга гана аралашуусу керек дегендер болууда. Жакында Парижде глобалдуу жасалма интеллект боюнча саммит өтөт. Ошол жакта мамлекеттер жасалма интеллект боюнча кандай стратегия түзүшү керектигин талкуулашат деп ойлойм.
Кыргызстан дагы чакан өлкө болгонуна карабай бул процесстерге азыртан аралашпасак, кийин жетишпей калышыбыз мүмкүн.
- Жасалма интеллект жеке тармакта өзүнүн багытына жараша колдонулуп жатат. Мамлекеттер аны өз ишмердигине кантип же кайсы жумуштарга камтый алат?
- Эң негизгиси, мамлекет жасалма интеллект менен кантип иштеше турганын аныктаган стратегиясын бекитип алышы керек. Өкмөт буга катуу киришип, көзөмөлдү толук өзүнө алабы же биротоло жеке тармактарга береби, ушул боюнча талкуулар болуп атат. Кыргыз өкмөтү да буга кызыкдар болуп, колдогусу келип жаткандай. Жасалма интеллект көп маалыматка ээ болгондо өнүгөт. Эгерде маалымат чектелүү болсо, жасалма интеллекттин сапаты төмөн болуп калат. Ошол үчүн да өнүккөн өлкөлөрдө жасалма интеллект катуу өнүгүп жатат. Бизде ачык булактагы маалыматтар көп болушу керек. Бир мисал келтирсем, Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлиги да ушул жаатта иш баштаптыр. Мында оор дарттарды жасалма интеллект аркылуу тез арада аныктоого мүмкүнчүлүк болот. Башка өлкөлөрдө колдонулуп жаткан айрым моделдерди Кыргызстанга алып келгенде толук иштебей калат экен. Анткени ал башка жерде жашаган адамдар боюнча чогултулган маалыматтын негизинде даярдалган, ал жактын жашоо шарты да башка экени айырма берет. Биз ушундай учурларды да эске алышыбыз керек.
Жасалма интеллект өнүксүн десек, ошого жараша көп маалыматтарды берип, ачык булактарды көбөйтүшүбүз шарт. Кыргыз өкмөтү жакында “ачык маалыматтар” деген долбоорун баштады.
- Жасалма интеллект тууралуу коомчулук кабардар болуп калганы менен көбүнчө үстүртөн гана билип, бул платформаларды колдонгондор суроо-жооп кылып же маалымат издөө үчүн колдонуп жатышат. Алдыда жасалма интеллектти кайсы жумуштарда же кызматтарда колдонууга болот?
- Туура, азыр биз колдонуучу катары гана болуп жатабыз. Ар кандай иш-чараларда сүйлөй турган сөзүн даярдоодо көбүнчө ChatGPT программасын колдонгондор көп экен. Иш кагаздарды кыргызчага өткөрүү процесси жүрүп жатканда көп мамлекеттик кызматкерлер эне тилди жакшы билбегени үчүн жасалма интеллекттен жардам сурашат экен. Бул жасалма интеллект кыргыз тилине сапаттуу которуп, жарандарга пайдалуу аянтча болуп калыптыр. Биз бул платформаларды колдонуучу эле эмес, башкаруучу да болуу үчүн өзүбүз дараметибизди көтөрүшүбүз керек. Ал үчүн билим берүүгө, кадр даярдоого, STEM багытындагы окутууларга көңүл буруп, гуманитардык багыттарды да кошо жүрүүбүз керек. Азыр жасалма интеллект боюнча эң белгилүү китепти заманбап философ Ювал Ной Харари жазыптыр. Ал жасалма интеллект бизге жардам береби же коркунуч жаратабы деп философиялык көз караш менен карап талдап берген.
- Кайсы бир жаңычылдыкты киргизүүдө өкмөт мыйзам талаасын түзүп, эрежелерди аныктап берет. Жасалма интеллект боюнча укуктук-ченемдик актыларды кабыл алууда кандай тобокелдиктер, чакырыктар эске алынышы керек?
- Биз бул жааттагы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгып, кайсы модель туурал келерин талдап, тандашыбыз керек. Жогоруда айткандай, дүйнөдөгү лидерлердин бул боюнча стратегиясы ар башка. Кыргызстан дагы өзүнүн кызыкчылыгына жараша тандайт.
Мында дагы бир маанилүү жумуш – кыргыз тилиндеги маалыматтарды кантип көбөйтүү. Анткени кыргыз тили дүйнөдө көп тарабаган тил болгону үчүн маалыматтар чектелүү, бирок аракет кылса, жыйынтык болот.
Андан кийин жасалма интеллект бизге кайсы тармактарга көбүрөөк зарыл экенин аныктап, ошол багыттарга көңүл бурушубуз керек. Мисалы, саламаттык сактоо тармагына байланыштуу болсо, ошого жараша маалыматтык базаны калыптандырышыбыз кажет. Мында жарандардын жеке маалыматтары да колдонулганы үчүн анын коопсуздук жагына да көңүл буруу зарыл.
Өзгөчө кырдаалдарды, экологиялык өзгөрүүлөрдү байкоо үчүн да жасалма интеллектти колдонсок болот. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге ушул жаатта кызматташып жатабыз. Өлкөнүн ар кайсы аймагына акылдуу сенсордук шаймандарды орнотуп, анын жардамы менен жасалма интеллектти колдонуп климаттын өзгөрүүсүн өлчөөгө мүмкүнбү деп сынап көрүп жатабыз.
Санариптик жактан да Кыргызстан бир топ иштерди жасап жатканы үчүн эл аралык көрсөткүчтөрдө алдыга жылып жатат. Бул фактор өлкөдө жасалма интеллекттин жайылышына да жардам бере алат. “Түндүк” кызматын колдонууда жарандар бир суроону көп берсе, жасалма интеллект муну аныктап, мамлекеттик кызматкерлердин ордуна өзү жооп берүүгө ыңгайлаша алат.
Жасалма интеллект жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кошо тобокелдиктерди да пайда кылат. Бул жаатта да тиешелүү мыйзамдар кабыл алынышы керек. Анткени жасалма интеллектти колдонуу менен хакерлер сиздин үнүңүздү, видеодогу келбетиңизди окшоштуруп, жакындарыңызга байланышып, ар кандай шылтоолорду айтып акчасын алып коюшу мүмкүн.
- Ал эми жарандар жасалма интеллектти колдонуу боюнча да көндүмдөрдү өздөштүрүшү канчалык маанилүү? Айрым эксперттер жасалма интеллект менен иштей албаган адамдардын жумушсуз калуу коркунучу бар экенин айтып жатышат. Катардагы адамдар үчүн да бул процесс маанилүүбү?
- Бул өтө татаал маселе. Кыргызстанда аймактарда жашаган элдин санариптик көндүмдөрүн күчөтүшүбүз керек. Анткени жасалма интеллектке чейин эле болуп жаткан санариптик процесстерге аралашып, мисалы, “Түндүк” порталын же электрондук капчыктарды колдонууну үйрөнүүсү замандын талабы болуп атат. Эмесе жаңы процесстердин мүмкүнчүлүктөрүн да колдоно албай, тескерисинче, анын курмандыгына да айланышы мүмкүн. Буга чейин шылуундардын интернет аркылуу алдамчылык кылганы тууралуу сөз кылдык.
Шерине