Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-январда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…3;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндуз -3…-8.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8°, күндүз 5…7° суук болот.
Шерине