Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

26-январдын аба ырайы: Жаан-чачын жаабайт


Чүй өрөөнү.
Чүй өрөөнү.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндуз -2…-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°, күндүз 4…6° суук болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG