Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди


Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, сөгүш элчинин президент Жапаровдун Кытайга пландаган мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо келтирген одоно катасы жана "мамлекеттик кызматкерлердин өз ара карым-катнашынын этикасын бузгандыгы" үчүн берилген.

"Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирген одоно катасы үчүн сөгүш берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп 2022-жылдын күзүндө дайындалган. Ал 2009-2013-жылдары Кыргызстандын Бээжиндеги дипломатиялык мекемесинде биринчи катчы жана элчинин кеңешчиси болуп иштеген.

Садыр Жапаров февраль айынын башында Кытайга мамлекеттик сапар менен барары кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG