23-январда АКШ Сенатынын көпчүлүк мүчөлөрү Жон Рэтклиффтин талапкерлигин Борбордук Чалгын кызматынын башчылыгына (Центральное разведывательное управление - ЦРУ) жактырышты. Аны бул кызматка президент Дональд Трамп көрсөткөн.
Буга чейин Рэтклифф Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болгон жана Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө Улуттук чалгын кызматын бир жылдай жетектеген.
Өткөн жумада уюштурулган угууларда Сенаттын Чалгын комитетинин мүчөлөрү Ретклиффге бир катар суроолорду узатышкан. Алардын арасында "саясий көз карашы же Трамп тууралуу пикиринен улам кызматкер иштен алынабы?" деген суроо бар болчу. 59 жаштагы Рэтклифф андай кадамга барбастыгын билдирди.
Ал ошондой эле Кошмо Штаттар Орусиянын жана Кытайдын атаандаштыгына туруштук бере аларына ишенерин айтты. Ушуну менен Трамп көрсөткөн экинчи саясатчы жогорку кызматка бекитилди.
Буга чейин республикачы сенатор Марко Рубио мамлекеттик катчынын кызматына киришкен.
Шерине