Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Сот журналист Дина Маслованын мамлекеттен моралдык чыгым үчүн кенемте өндүрүү өтүнүчүн четке какты


Дина Маслова.
Дина Маслова.

Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Дина Маслованын мамлекеттен моралдык чыгым катары 500 миң сом өндүрүп берүү боюнча өтүнүчүн 22-январда карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы 24-январда “Азаттыкка” билдирди.

Соттук териштирүү учурунда Каржы министрлигинин өкүлү жана Башкы прокуратуранын улук прокурору Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укугу боюнча комитетинин корутундусу аткарууга милдеттендирген мүнөздө эмес, сунуштама катары берилгенин билдиргени маалым болду.

2017-жылы Zanoza.kg сайтына “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын маеги жарыяланган. Анда өлкөдөгү адам укуктары, сөз эркиндигинин абалы тууралуу сөз болгон. Ошол жылдын 20-апрелинде мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген.

Бишкектин Октябрь райондук соту башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндөгү арызына ылайык Zanoza.kg сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Кийин Атамбаев бул доолордон баш тарткан.

Журналист Дина Маслованын адвокаттары 2018-жылы соттун мындай чечиминен кийин БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз менен кайрылган.

Комитет ал арыз боюнча 2023-жылы 13-октябрда корутунду чыгарып, 13-декабрда арызданган тарапка жөнөткөн. Анда ал кыргыз сотунун чечими Дина Маслованын сөз эркиндиги укугун бузган деп тапкан.

Адам укуктары боюнча комитеттин корутундусун негиз кылып Маслованын адвокаттары мамлекеттен моралдык чыгым өндүрүү арызы менен сотко кайрылышкан. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG