Өзбекстан Сенаты жарандардын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин сүрөткө, видеого тартып, материалдарды жайылтуу укугун сактаган мыйзам кабыл алды. Жаңы эрежелерге ылайык, эгер видеону монтаж аркылуу оңдоп-түздөп, өз кызыкчылыгы үчүн колдонсо 580-1500 долларга чейин айып пул салынышы мүмкүн.
"Жарандар Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин аракеттерин эч кандай токсоолдуксуз тартып, бул материалдар менен социалдык тармактарга бөлүшсө болот. Мындай жол менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине коомдук көзөмөл толугу менен сакталат. Мыйзам болгону бул материалдар кимдир бирөөнү дискредитациялоо максатында колдонулушуна тыюу салат", - деди Сенаттын Коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Кутбиддин Бурханов.
Бул маселе былтыр жайында козголуп, Сенат документти кайра иштеп чыгууга жөнөткөн. Ал үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Былтыр жыл соңунда Кыргызстанда укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлерин фотого, видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтпөй калган.
Документте милиция кызматкерин сүрөт-видеого тартып алып, аны каралоо үчүн Интернетке, ЖМКга бурмалап чыгарган адамдарга беш миң сом айып салуу же 20 саатка чейин коомдук жумушка тартуу жаза чарасы каралган эле.
Шерине