Орусиянын 13 облусу дрон чабуулуна кабылганын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 121 учкучсуз аппараттын мизи кайтарылды. Дрондор Москва облусун жана баш калаа Москваны да бутага алышты.
"Алдын ала маалыматтар боюнча дрон сыныктары түшкөн жерлерде жабыркагандар жана талкалоолор жок", - деп жазды борбор шаардын мэри Сергей Собянин.
Чабуулдан улам Москвадагы Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропортторунун иши убактылуу токтоп турду.
Телеграм-каналдар жергиликтүү тургундарга таянып Рязань облусундагы мунай иштетүүчү заводдун жанында жарылуунун үнү угулуп, андан соң ишканада өрт башталганын жазышты.
Бул завод "Роснефть" компаниясынын курамына кирет. Рязань облусунун башчысы Павел Малков аба чабуул болгонун ырастап, кулатылган дрон сыныгы менчик турак жайга тийип, өрт тутанганын кошумчалады. Ал мунай заводундагы кырдаал тууралуу үн каткан жок.
"Украинская правда" басылмасы Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлү Андрей Коваленкого таянып, Рязандагы заводдон тышкары украин дрондору Брянскидеги "Кремний ЭЛ" ишканасына чабуул коюшканын жазды.
Бул маалыматты ASTRA Телеграм-каналынын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги булактары да ырасташкан.
Ишкананын маалымат кызматы кийинчерээк ТАСС агенттигине дрон чабуулунан заводдун айрым бөлүмдөрү жабырканын билдирди.
"Кремний ЭЛ" — Орусиядагы микроэлектроника өндүргөн ири заводдордун бири. Ал "Панцирь" абадан коргонуучу каражаты жана "Искандер" ракеталык комплекси үчүн тетиктерди чыгарат.
Шерине