Орусиянын армиясы 24-январга караган түнү Украинанын аймактарына 58 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Николай Калашник билдиргендей, орус армиясынын соккуларынын бири 10 кабат үйгө тийген. Полиция жалпы 11 батир жабыркаганын кошумчалады. Үч киши набыт болуп, дагы бирөө оор жараат алды.
Андан тышкары сегиз менчик үй, үч автоунаа, дүкөн бузулганы маалым болду.
58 дрондун 25и абадан атып түшүрүлгөн.
Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканына үч жылга чукулдады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, 2024-жылдын ноябрь айына карата Украинада 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, жараат алгандардын саны 27 миңге жеткен. Эл аралык уюм бул сан толук эмес экенин кошумчалап келет.
Москва бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, далилдерге карабастан карапайым тургундарга урулган соккуларды четке кагат.
Шерине