Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

"Кыргызтелеком" Бишкектеги борбордук имараты сатыкка коюлганын билдирди


"Кыргызтелеком" ишканасынын имараты.
"Кыргызтелеком" ишканасынын имараты.

“Кыргызтелеком” ишканасынын Бишкек шаарынын Чүй жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишкен жериндеги имараты аукцион аркылуу сатыла турганы маалым болду. Бул тууралуу ишкананын жетекчилиги 24-январда маалымат жыйында билдирди.

Алар имаратты сатуу чечими компаниянын чыгымдарын азайтып, өлкөнүн телебайланыш инфратүзүмүн жакшыртуу максатын көздөй турганын белгилешти.

16 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген имарат компаниянын борбордук администрациясынын кеңсеси болуп келген. Учурда бул имараттын 36,6% гана компаниянын керегине иштетилип, калган бөлүгү ижарага берилген жана айрым аянтчалар бош турат. Ишкананын ушул кеңседе иштеген кызматкерлери да дээрлик эки эсе кыскарып, учурда 315 киши иштеп жатканы маалымдалды.

Имаратты All Star көз каранды эмес компаниясы 1 млрд 556 млн 906 миң 868 сомго баалаган. Мыйзам боюнча имарат стратегиялык коопсуздукка жоопкерчилик алуу үчүн мамлекеттик мекемеге гана таандык болушу керек. Мындан улам имарат “Айыл банкка” сатылып, объект мамлекеттин менчигинде калмакчы.

Ишканадан билдиришкендей, бул имаратты тейлөө үчүн жылдык чыгым капиталдык оңдоп-түзөөнү кошпогондо 20 миллион сомго чамалайт.

Ал эми “Кыргызтелекомдун” кызматкерлери Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Бишкек шаардык байланыш тармактары кеңсесинин имаратына көчүрүлөт.

“Кыргызтелеком” 2022-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлгөн. Негизинен телефон байланышы, телеграфия, каналдарды ижарага берүү, Интернет байланышы багытында кызмат көрсөтөт. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG