Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэри Шавкат Умурзаков 21-январда улуттук иденттүүлүктү жана маданиятты жайылтуу боюнча кошумча чараларды киргизүү чечимине кол койду.
Документке ылайык, "Улуттук Ташкент" долбоору бекитилип, жумушчу топ түзүлөт.
Мамлекеттик мекемелерде ар жума күнү "Улуттук кийим күнү" жарыяланат. Андан тышкары Ташкенттеги район акимчиликтеринде, башкармалыктарында жана мамлекеттик органдарында иштегендер жумуш күндөрү улуттук кийим кийип жүрүүгө тийиш.
Ошондой эле улуттук баалуулуктар жана кийимдер темасында ар кандай сынактар, оюн-зооктор уюштурулат.
Бул Өзбекстанда мамлекеттик органдардын кызматкерлерин улуттук кийим кийүүгө милдеттендирген биринчи учур эмес.
2018-жылы Өзбекстандын Улуттук университетинин доценти Мирякуб Хайдаров парламент депутаттарына улуттук салттарга негизделген дресс-код киргизүүнү сунуштаган. Доцент өзбек парламентинин депутаттары европалык кийим-кеченин ордуна жайында жибек чапандарды, ал эми кышында жүн чапандарды кийиши керектигин айткан.
Шерине