Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору Асланайым (Светлана) Аширова келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 23-январда маалымат таратты.
Мындан бир нече күн мурда цирктин кызматкерлери Ашированын ишмердигине байланыштуу нааразылыгын билдирген. Бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген. Комиссия бардык арыз-сунуштарды карап чыгып, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чара көрүлөрү кабарланган.
Асланайым Аширова былтыр 23-октябрда циркке жетекчи болуп дайындалган. Ага дейре ал цирктин көркөм жетекчиси болуп иштеген.
Ашированын ысымы цирктин эмгек жамаатынын арасындагы пикир келишпестиктер чыкканда аталган. Ал имараттын абалы кейиштүү абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын социалдык тармактарга чыгарып жүргөн. Ошол кездеги директор Фархат Бекманбетов өзү тууралуу дооматтарды четке каккан.
Мындай талаш-тартыштан кийин президент Садыр Жапаров былтыр 7-июлда мамлекеттик циркти текшерип чыккан, толук оңдоп чыгуу тапшырмасын берген.
1962-жылы түзүлгөн циркте 130 кызматкер иштейт.
Асланайым Аширова кызматтан алынгандан кийин комментарий бере элек. (TAb)
Шерине