Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Трамп йемендик хусилерди террорчулар тизмесине кошкон декларацияга кол койду


Йемендик хусилер.
Йемендик хусилер.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп "Ансар Алла" деген аталыш менен дагы таанымал йемендик хусилерди кайрадан террорчул уюмдардын тизмесине киргизүү декларациясына кол койду. Ак үйдүн сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Иран колдогон хуcилер 2023-жылдан бери америкалык кемелерди аткылап, америкалык аскерлердин өмүрүнө коркунуч келтирген.

Йемен аймагынын жарымын, ошондой эле баш калаа Сананы көзөмөлдөп жаткан хусилер Газада согуш башталгандан кийин атайын кампания жарыялап, Израилге жана анын союздаштарына таандык, мунун ичинен америкалык аскердик кемелерди да аткылап, айрымдарын кармай баштаган.

Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү буга жооп катары хусилердин базаларына бир нече ирет сокку урган.

АКШда бул тизмеге "Аль-Каида", "Ислам мамлекти", ХАМАС, "Хезболла" сыяктуу уюмдар киргизилген. 45 күндөн кийин алардын катарына хусилер да кошулушу ыктымал.

Йемендик топ Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө дагы террордук уюмдардын тизмесине киргизилген. Кийин Жо Байдендин администрациясы Йемендин де-факто жетекчилерин террорчу катары атоо бул өлкөгө гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоолдук жаратат деген жүйө менен аларды "кара тизмеден" чыгарган.

2024-жылдын башында Байдендин администрациясы хусилерди террорчуларды колдогон уюмдардын катарына кошкон.

Шерине

XS
SM
MD
LG