Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Reuters: Орусиянын экономикасы Путинди кабатыр кылууда


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Украинада согуш уланып жаткан шартта орус экономикасындагы абал президент Владимир Путинди барган сайын кабатыр кылууда. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кырдаал менен жакындан тааныш булактарга таянып жазды. Алардын баары өз аты-жөндөрүн ачык жарыялоону каалаган эмес.

Агенттиктин эки булагынын айтымында, орус элитасынын арасында согушту сүйлөшүүлөр аркылуу токтотуш керек деген пикир көбүрөөк тарай баштаган.

Рейтер жазгандай, соңку эки жылда мунай, газ жана башка кендерди экспорттоодон улам орус экономикасы Батыш мамлекеттери киргизген санкцияларга карабай ишенимдүү өсүп жаткан.

Анткен менен бир нече айдан бери жумушчу күчтүн жетишсиздигинен, инфляциянын тез жогорулашынан жана башка маселелерден улам экономикалык чыңалуу күчөп бараткандай.

Булактардын айтымында, экономикадагы мындай кырдаалдан улам Владимир Путиндин тынчсыздануусу байкала баштаган.

Анын мындай маанайы 16-декабрда Кремлде ири ишкерлер менен жолугушууда дагы айкын болгон. Анда Путин экономикалык тармакта чечим кабыл алууга жоопкер адамдарды тилдеген.

20-январда АКШ президенттигине расмий киришкен Дональд Трамп Украинадагы согушту тез арада токтотууга убада берген.

Инаугурациядан кийин Трамп эгер Москва согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө барбаса, Вашингтон Орусия саткан бардык товарларга тарифтерди, салыкты көбөйтүп, санкция саларын эскертти.

Трамп 22-январда жазган билдирүүсүндө Орусиянын "экономикасы кыйрап баратканын" эске алуу керектигин кошумчалаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG