Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 23-январда ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал аймактык оорукананын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырды.
Натыйжада палатада дарыланып жаткан эки жаран жабыркады.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, жабыркагандардын бири 33, экинчиси эки жашта.
Аталган мекеме алар кандай жараат алганын тактаган жок. Абалы туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунда экенин белгиледи.
Синоптиктер 22-23-январь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде кар мол жаай турганын эскерткен. (КЕ)
Шерине