22-23-январь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт: мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде кар мол жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
23-24-25-январда суук күч алып, өрөөндөрдө -15…-20 градустан, тоолуу аймактарда -30…-35 градуска чейин суук болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар мол жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…-9
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндуз -8…-13
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°, күндүз -5…-7° суук болот.
Шерине