Кыргызстанда 2024-жылдын аягына карай орточо жашоо минимуму 7963 сом 72 тыйын деп эсептелинди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.
Маалыматка ылайык, калктын эмгекке жарамдуу катмарынын жашоо минимумунун өлчөмү 8906,5 сом болсо, пенсия курагындагылардыкы 7063 сом 85 тыйынды түздү. Балдардын жашоо минимуму 6768, 77 сом болгон.
2024-жылдын ортосунда Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 8144 сом деп эсептелген.
2023-жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 7756 сом деп эсептелген.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүктүн, тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.
2024-жылы кыргыз өкмөтү пенсияны жашоо минимумуна теңөө максатында камсыздандыруу бөлүгүн 18 пайызга көбөйткөн. Жыйынтыгында Кыргызстандагы минималдуу пенсиянын өлчөмү 6900 сом болгон.
Кыргызстанда, расмий эсептөө боюнча, 2024-жылдын аягында орточо айлык акы 36 миң сомду түзгөн. Былтыркы январь-август айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 653 сомду түзгөнү кабарланган. (ZKo)
Шерине