Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен жыйын өткөрдү. Анда коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн күчөтүлгөн кылмыш жазасы тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 20-январда кабарлады.
"Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн өсүүсү байкалууда. УКМК тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин 43 кылмыш иши козголуп, 18 кызмат адамы кармалып, 291,9 млн сомдон ашык акча каражаты мамлекетке кайтарылган. Коррупцияга байланышы бар 25 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Андан сырткары, уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар төрт жооптуу кызматкер кызматтан кеткен", - деп жазылган маалыматта.
Жыйында ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелери, анда Саламаттык сактоо кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Мурдагыдай коррупциялык кылмыштардан айып төлөө менен кутулуу мүмкүн эместиги, бул үчүн соттолгондор жана алардын жакын туугандары, жубайы мамлекеттик кызматка иштей албасы, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген учурда да, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөөгө милдеттүү болору эскертилди.
Жыйында ошондой эле өлкө жетекчилиги 2025-2026-жылдары коррупцияны толук жоюу милдетин койгону да белгиленди.
Камчыбек Ташиев 16-январда Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин кошумчалады. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.(ZKo)
Шерине