Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кризис маселелери боюнча "тарыхый ылдамдык" менен чечим кабыл алып, АКШга мыйзамсыз кирген мигранттардын агымын 20-январдын кечине карата токтотууну убада кылды.
Бул тууралуу ал 19-январдын кечинде Вашингтондо өткөн тарапташтырынын жыйынында билдирди.
Трамп өз администрациясы ишке киришери менен Мексика менен чек ара аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттардын агымын токтотуу үчүн батыл чараларды кабыл алам деп сөз берди.
Кандай чаралар экенин инаугурациялык сөзүндө так айтарын кошумчалады.
"Эртеңден баштап мен биздин өлкө туш болгон ар бир кризистик кырдаалды тарыхый ылдамдык жана күч менен чечем. Дүйшөмбүдө күн баткыча биздин чек араларды мыйзамсыз кесип өтүү токтойт", - деди Трамп.
Шайланган президенттин сөзүнө караганда, жакын арада АКШда мигранттардын тарыхта буга чейин болуп көрбөгөндөй депортациясы башталат.
Андан тышкары Трамп Украинадагы куралдуу жаңжалды токтотуп, Үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдын алуу ниетин жарыялады. Ал качан токтоорун жарыялаган жок.
Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат ондо башталат. Буга чейин Кошмо Штаттардын 45-президенти болгон Трамп эми 47-мамлекет башчылыкка расмий киришүү үчүн 19-январда келди. Ал республикачыл сенаторлор менен таңкы тамактанууга барып, андан кийин Арлингтондогу улуттук көрүстөнгө гүлчамбар койду.
Ант берүү аземи бул жолу Капитолийдин ротондасында өтөт. 40 жылдан бери биринчи жолу АКШ президентинин инаугурациясы жабык жайда өткөнү турат. Трамп өзү муну катуу суукка байланыштырды. Синоптиктердин маалыматына караганда, Вашингтондо бул күнү абанын температурасы -7 градусту түзөт.
Инаугурацияга 100 жылдан бери биринчи жолу бир катар чет элдик меймандар чакырылган. Алардын арасында Аргентинанын президенти Хавьер Милей жана Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони бар. Буга чейин АКШ президентинин ант берүү аземине чет элдик элчилер гана катышчу.
Шерине