Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Орусиянын Казань жана Калуга шаарлары дрон чабуулуна кабылды


Орусиянын президенти Владимир Путин Татарстандагы Горбунов атындагы Казан авиациялык заводуна барганда тартылган сүрөт. 2019-жыл. (Архивдеги сүрөт)
Орусиянын президенти Владимир Путин Татарстандагы Горбунов атындагы Казан авиациялык заводуна барганда тартылган сүрөт. 2019-жыл. (Архивдеги сүрөт)

Орусияга караштуу Татарстан жумуриятынын борбор калаасы Казань 20-январдын таңында дрон чабуулуна кабылды. Жергиликтүү бийлик чабуулду Украинадан көрүп, дрондор өндүрүш ишканасын бутага алуу аракетин көргөнүн билдирди. Кайсы ишкана экени такталган жок.

Расмий маалыматка караганда, дрондор абадан атып түшүрүлгөн. Жергиликтүү тургундар жана Телеграм-каналдар украиналык дрондор Горбунов атындагы Казань авиациялык заводуна чабуул койгонун жазышты. Бул ракета алып жүрүүчү Ту-160 стратегиялык учактар менен бомбалоочу учактарды өндүргөн жана оңдоп-түздөгөн ири ишкана. Аталган учактарды орус армиясы Украинадагы согушта колдонуп келет.

Айрым маалыматтарга караганда, дрондордун бири заводдун аймагындагы бош резервуарга тийген. Казань аэропортунда авикаттамдар убактылуу токтоду. Мындай чектөөлөр Нижнекамск жана Ижевск аэропортторунда дагы киргизилди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 20-январдын таңында тараткан билдирүүсүндө бир нече аймакта жалпы 31 дрондун мизи кайтарылганын кабарлады.

Калуга облусунун губернатору Владислав Шашпа ишканалардын биринин аймагына дрон сыныгы түшкөнүн жазды. Анын сөзүнө караганда, чабуулдан улам тутанган өрт убагында өчүрүлдү. Жабыркагандар катталган жок. Шашпа кеп кайсы ишкана тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

Москва Украинага 2022-жылы 24-февралда согуш ачканы, Орусиянын аймактары утур-утур дрон чабуулдарына кабылып келет. Кремль муну Киевден көрөт. Украин бийлиги адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG