Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15

Алматыда журналист Асем Жапишева кармалды


Алматыда жалгыз пикетке чыккан активист Асем Жапишева. 20-январь, 2025-жыл.
Алматыда жалгыз пикетке чыккан активист Асем Жапишева. 20-январь, 2025-жыл.

Алматыда полиция кызматкерлери пикетке чыккан журналист Асем Жапишеваны 20-январда кармап кетишти.

Жапишева колуна “Сатира-кылмыш эмес” деген жазуусу бар кагаз көтөрүп, QazNews24 сатирикалык басылмасынын редактору Темирлан Енсебекти колдоп жалгыз пикетке чыккан.

19-январда Енсебекти колдоп пикетке чыккан дагы бир журналист Руслан (Рус) Бикетов 15 суткага камалган. Ага тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузган деген айып тагылган. Соту онлайн өткөн.

Темирлан Енсебек “социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козуткан” деген айып менен 17-январда тергөө изоляторуна камалган. Анын тарапташтары муну саясий куугунтук деп эсептешет.

Жапишева буга чейин "QazNews24 2022-жылдын январь окуялары тууралуу көп жазганын, бул теманы бийлик максималдуу түрдө жаап-жашыргысы келерин" жазган.

2021-жылдын май айында Алматы полициясы Енсебектин үйүндө тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кеткен. Өзүн суракка алышкан.

Анда Енсебектин “Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгы Назарбаевге (Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев) кудай макамын сунуштады” деп жазган тамаша посту түрткү болгон.

Темирлан Енсебек – Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын активисти.

2024-жылдын 4-январында Алматы соту Oyan, Qazaqstan кыймылынын алты активисти, анын ичинде Енсебекти “тынч жыйындарды өткөрүү жана уюштуруу тартиби тууралуу мыйзамды бузган” деген айып менен 15 суткага камаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG