20-январда Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын юридикалык академиясынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышып, академиянын негизги максаты укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо экенин белгиледи.
“Бул академиядан укук коргоо жаатындагы кызматкерлеринин иш учурунда келип чыккан алешемдиктерин, кемчиликтерин, мүчүлүштүктөрүн кыскартып, натыйжалуулугу артарын, билими менен иши айкалышарын илгери үмүт менен күтөбүз”, - деди Садыр Жапаров.
Жапаров аталган академияда студенттер менен окутуучуларга бардык шарттар түзүлгөнүн айтып, алар адам укугун коргоо жаатында реалдуу кадамдарды жасашы керектигин белгиледи.
Президент окуу жайдын окутуучуларынын 65% илимий даражалары бар экенин жана учурда укук коргоо органдарында иштеп жаткан тажрыйбалуу кызматкерлерди тартууну сунуштады.
2023-жылы негизделген Башкы прокуратуранын юридикалык академиясы 2024-жылы ачылган. Учурда 250 студент окуйт.
Эки факультеттен турган окуу жайда юриспруденция, прокуратура менен сот ишмердүүлүгү, соттук экспертиза жана маалымат коопсуздугу багытында окуу жүргүзүлөт. (MKt)
Шерине