Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

ЖК депутаттары Бейшеналиевдин дары саясатын сындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналивдин дары саясатын сынга алышты. Алар өлкөдө дары-дармек жетишсиздигине байланыштуу маселе барган сайын курчуп жатканын белгилешти.

Эл өкүлү Айсулу Мамашева парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында талма (эпилепсия) менен ооруган жарандарга керектүү каражаттар таңкыс болуп жатканын айтып, бул багытты министрлик жана тийиштуү мекемелердин маалыматын угууну сунуштады.

"Кыргызстанда көптөгөн аталыштагы дары-дармектердин жок болуп жатышына байланыштуу мага көптөгөн ата-энелер кайрылууда. Эпилепсия, тубаса шал оорусу менен ооругандарга керек 20дай аталыштагы каражаттар табуу кыйын же такыр эле жок болуп жатыптыр. Ал дарыларды балдар күн сайын ичиш керек. Тилекке каршы бул өлүмгө дагы алып келиши мүмкүн. Ата-энелер менен сүйлөшүп Бишкектеги эки дарыканадан гана таптык. Бул маселе боюнча эч ким жоопкерчиликти албай жатат".

Депутат Жылдыз Садырбаева министрликтин саясаты дары таңкыстыгына алып барып жатканын, элге жетиштүү дары-дармектердин тизмеси улам кыскарып жатканын белгиледи.

2023-жылы мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими кабыл алынып, "Кыргызфармация" ишканасы түзүлүп, бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Ал мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. Буга чейин ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.

2024-жылдын соңунда өлкө боюнча ачылган “Эл Аман” деп аталган мамлекеттик дарыканалардын саны 100гө жеткени расмий кабарланган. Мамлекеттик дарыканалар тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен жана дары-дармектер менен медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөр менен кызматташат.

Саламаттык сактоо министрлиги “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20% төмөн экенин билдирүүдө. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер “Эл Аман” дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен элге сатылары маалымдалды.

Мурдараак айрым депутаттар мамлекеттик "Эл Аман" дарыканаларында кээ бир дарылар кымбат же такыр жоктугун белгилешип, жарандар чет элден буйрутма менен алууга мажбур болуп жатканын билдиришкен. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев муну каржынын тартыштыгы менен түшүндүрүп, дары-дармектер менен толук камсыздоо жагы акырындык менен чечилип келатканын айткан.

Дары сатуу Кыргызстанда кирешелүү бизнес катары сыпатталат. Өлкөгө дарылардын 97% чет жактан импорттолот. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG